Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 03:59
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Бейөкмөт уюмдардын улуттук баалуулуктарды бузуу аракетин чектөө сунушталды

22.05.2020 10:42
1208
Бейөкмөт уюмдардын улуттук баалуулуктарды бузуу аракетин чектөө сунушталды


Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин бүгүн, 22-майдагы жыйынында “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамынын долбоору боюнча парламенттик угуу өтүүдө.


Жыйында "Жети дубан элинин аксакалдар кеңешинин” атынан сөз сүйлөгөн Жусуп Дүйшеев кээ бир бөйөкмөт уюмдар Кыргызстандын каада-салтына, үрп-адатына шек келтирген учурлар кездешип жатканын айтты.


Көп жылдан бери моралдык-нравалык жактан калыптанып келген салттарды бүгүнкү күндө бекем сактап, эртеңки муундарга татыктуу өткөрүп беришибиз керек. Коммерциялык эмес уюмдардын улуттук баалуулуктарды бузган аракеттерине чектөө коюу нормаларын киргизүү керек”, - деди ал.


Дүйшеев белгилегендей, коммерциялык эмес уюмдарга келип жаткан гранттар кайда, эмне максатта жумшалып жатканы боюнча туура саясат жүрүшүнө көзөмөл болушу шарт.


Анткени чет жактан көптөгөн гранттар келет экен. Бул акчалар кайсы жакка, эмне максатта жумшалып жатат, ошол каражаттар өз дарегине жетип жатабы же жокпу ушул боюнча биздин өлкөдө айкындуулук жок. Ошондуктан бул мыйзамга өзгөртүүлөр кирип жатканын колдойм”, - деди аксакалдар кеңешинин мүчөсү.


Ошондой эле ал элди кыргыздын салттык үрп-адатын сактоого, коргоого чакырып өттү. Музейдеги көргөзмө сыяктуу жорук-жосунсуз иштерди уюштуруудан алыс болууга бейөкмөт уюмдарды үндөдү.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн