Бугу 11, 2024
Убакыт: 10:38
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бейруттагы жарылуудан кийин каза болгон адамдардын саны 70тен ашты (видео)

05.08.2020 09:24
905
Бейруттагы жарылуудан кийин каза болгон адамдардын саны 70тен ашты (видео)


Ливан өлкөсүнүн Бейрут шаарында 4-августта болгон жарылуудан кийин 70тен ашык адам көз жумду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри  Хамад Хасан  билдиргенин Al-Hadath басылмасы жазды. 


Анын маалыматына караганда, болжол менен  3700дөн ашык адам жабыркаган. Учурда адамдарды издөө иштери да жүрүп жатат.


Жарылуудан улам жабыркаган адамдардын арасында премьер-министр Хасан Диабанын аялы жана кызы дагы бар. Ал эми Ливандын «Катаиб» улуттук партиясынын лидери Низар Наджарян каза болгон. 


Портто болгон жарылуудан кийин бир катар имараттар жабыркаган. Алардын бири жарылуунун очогунан 10 чакырым алыстагы аэропорт.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн