Бугу 21, 2024
Убакыт: 00:25
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Бейруттагы жарылууга байланышы бар делип 16 адам камакка алынды

07.08.2020 16:08
1337
Бейруттагы жарылууга байланышы бар делип 16 адам камакка алынды

 

Ливандын Бейрут шаарында 4-август күнү болгон жарылууда кеминде 137 адам каза тапты, беш миңден ашуун киши жаракат алды. Ондогондор дагы деле дайынсыз бойдон калууда.

 

BBC сайты жазгандай, өлкө бийлиги эки жумага созулган өзгөчө кырдаал жана үч күндүк аза күтүү жарыялаган. Жарылуунун себеби болгон 2750 тонна аммоний нитраты портто 2013-жылдан бери сакталып турган, ошол эле маалда эч кандай коопсуздук шарттары эске алынган эмес.

 

Өлкөнүн премьер-министри ачык териштирүү иштери болорун убада кылды. Бирок бейруттуктар жарылуу өкмөттүн шалаакылыгынан улам болгонун айтып, бийлик коррупцияга батып, чаржайыт саясат жүргүзүп жатканына нааразы болушууда.

 

Жергиликтүү маалымат агенттиктери жарылууга байланышы бар деп шектелип 16 киши камакка алынганын кабарлады. Кырсыктан кийин эки жогорку даражадагы расмий кызматтан өз ыктыяры менен кетти. Алар өлкөдөгү бийликти алмаштырууга убакыт келгенин айтышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн