Бугу 10, 2024
Убакыт: 20:48
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бейруттагы жарылуунун чыгымы 15 млрд долларды түзүшү мүмкүн

06.08.2020 11:27
1148
Бейруттагы жарылуунун чыгымы 15 млрд долларды түзүшү мүмкүн


Ливандын Бейрут шаарындагы катуу жарылуунун кесепетинен келтирилген чыгым 15 млрд долларды түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу аталган шаардын губернатору Марван Аббуд билдирген.

Анын айтымында, Бейруттагы портто жарылуунун чыгымы 10-15 миллиард долларга чейин өсүшү мүмкүн.

Эске салсак, 4-августта Бейрут шаарында катуу жарылуу болгон. Акыркы маалыматтар боюнча, кырсыктан каза болгондордун саны 135ке жетти. Шаардын бир нече кварталы толугу менен кыйрады. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, химиялык зат (нитрат аммония) сакталган портто коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан жарылуу болгон.

Жарылуудан көптөгөн имараттар, анын ичинде порттон бир нече чакырым алыс жайгашкан курулуштар жана унаалар зыянга учурады. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат. Каза болгон адамдардын саны мындан көп болушу мүмкүн. Бейрут шаарындагы ири жарылуудан улам эки аптага өзгөчө абал режимин киргизүү чечими кабыл алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн