Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов англис тилин бала бакчадан баштап окутууну сунуштады. Бул тууралуу ал ЖКнын бүгүнкү жыйында билдирди.
Анын айтымында, балдарга 3-класстан баштап англис тилин үйрөтүү кеч болуп калат.
"Англис тилин балдарга 3-5-класстан үйрөтүп баштасак кеч болуп калат. Башка өлкөлөрдүн практикасын үйрөнүп балдарга тилди бала бакчадан үйрөтсөк. Бул убак балдар билимди сиңире турган убак. Анын үстүнө мектепте толтура керексиз сабактар бар",- деди эл өкүлү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн