Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 11:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бейшеналиев: COVID-19ду кайрадан жуктургандар катталууда

Бейшеналиев: COVID-19ду кайрадан жуктургандар катталууда


Кыргызстанда  COVID-19ду экинчи жолу кайталап жуктуруп алгандар катталууда. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Супер.кг" порталына билдирген.


"COVID-19ду кайрадан экинчи жолу жуктуруп алгандар бүгүнкү күндө катталууда. Себеби мен мурда белгилегендей, антитела 6 айдан 1 жылга чейин гана болот. Ошол себептен былтыр ооругандар быйыл кайрадан жуктуруп алып жатышат. Вакцина алгандар боюнча токтолсом, бардыгы пландагыдай өтүүдө. Бардыгыңыздарды вакцина алууга чакырабыз", - деди Бейшеналиев.


Буга чейин Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова маалымат жыйында Бишкек шаарында коронавирус кайрадан жуккан учурлар болгон эмес, бирок эмдөөдөн кийин жуккан учурлар бар деген.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн