Бугу 20, 2024
Убакыт: 16:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Бейшеналиев: Мен үчүн мугалидердин адамдык сапаты эмес, иши маанилүү

16.12.2020 16:35
835
Бейшеналиев: Мен үчүн мугалидердин адамдык сапаты эмес, иши маанилүү

"Шайлоо процессинин жүрүшүндө, айрыкча региондордо жана айылдарда мугалимдердин 70% ы шайлоо процессине активдүү катышат", - деп билдирди Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ош облусундагы мектеп директорлору жана билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен болгон жолугушууда.


Анын айтымында, мугалимдер мамлекеттик деңгээлде иштен качпашы керек.


"Эгерде шайлоого мугалимдер талап кылынса, колдоо көрсөтүүңүздөрдү сурайм, бирок кээ бир партиялардын же талапкерлердин кызыкчылыгы үчүн "артынан чуркабаңыз" деп талап кылам. Жеке адамдын 3-5 жылдык амбициясы үчүн билим жана илимди колдонбоңуздар”, - деди министр.


Ошондой эле, айрым чиновниктер аркылуу ага телефон чалбоону  суранды. "Мага араңардан кимдир бирөө ушинтип телефон чалышса, өзүмдү ыңгайсыз сезем. Мен үчүн сиздин адамдык мамилеңиз эмес, ишиңиз маанилүү”, - деди Бейшеналиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн