Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 02:50
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бейшеналиев Парламенттер аралык союздун Башкы катчысы М. Чунгонгду Кыргызстанга чакырды

22.07.2021 08:29
786
Бейшеналиев Парламенттер аралык союздун Башкы катчысы М. Чунгонгду Кыргызстанга чакырды


2021-жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасынын Женева шаарындагы БУУнун астындагы жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү А.Бейшеналиевдин Парламенттер аралык союздун Женева шаарындагы штаб-квартирасында Парламенттер аралык союздун Башкы катчысы М. Чунгонг менен жолугушуусу болуп өттү. Бул ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө А.Бейшеналиев М.Чунгонгго өлкөдөгү акыркы саясий окуялар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоору боюнча референдумдун жыйынтыктары жана алдыдагы парламенттик шайлоо жөнүндө маалымат берди. Ошол эле учурда, Кыргызстандын Туруктуу өкүлү республиканын жаңы Конституциясына ылайык эми Жогорку Кеңеш мурнку 120нын ордуна 90 праламентарийден турарын белгиледи (55 партиялык тизме боюнча, ал эми 35 бир мандаттуу округ боюнча). 


Башкы катчы Кыргызстандын Туруктуу өкүлүнө Кыргызстандагы учурдагы кырдаал жөнүндө кеңири маалымат бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирип, Парламенттер аралык союз Жогорку Кеңеш менен ар тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде парламентке жаштарды жана аялдарды көбүрөөк тартуу боюнча тренингдерди өткөрүүгө, ошондой эле өлкөнүн мыйзам чыгаруу органында санариптештирүүнү илгерилетүүгө көмөктөшүү жолу менен кызматташууну улантарын билдирди. 


Жолугушуунун соңунда А.Бейшеналиев М.Чунгонгду ага ыңгайлуу каалаган мезгилде Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн