Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 07:58
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бейшеналиев француз тарап менен онкологиялык ооруларды дарылоо жаатында кызматташууну талкуулады

13.08.2024 16:32
341
Бейшеналиев француз тарап менен онкологиялык ооруларды дарылоо жаатында кызматташууну талкуулады


Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дарылоонун жаңы ыкмалары, изилдөөчүлөрдү жана медициналык кызматкерлерди үзгүлтүксүз окутуу жана шишикке каршы инновациялык дарыларды иштеп чыгуу менен алектенген "CIPREVO" компаниясынын жетекчиси доктор Грегори Прево менен жолугушту.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу министрдин Францияга болгон жумушчу сапарынын алкагында өтүп, анда тараптар онкологиялык ооруларды дарылоо жаатында кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулады.

Алымкадыр Бейшеналиев 2024-жылдын январь айында француз кесиптештеринин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында дарыгерлер жана ЖОЖдордун өкүлдөрү менен жолугушуулар болуп, биргелешкен илимий долбоорлорду түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланганын белгиледи.

"Балдардын онкологиясын дарылоо үчүн жаңы дарыларды изилдөө өзгөчө кызыгууну туудурат. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров рак оорусун аныктоо жана дарылоону жакшыртууга олуттуу көңүл бурат", - деди министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн