Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишин иликтөө боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссияны жоюу тууралуу демилге көтөрүлдү. Мындай сунушту парламенттин 15-майдагы жыйынында депутат Кубанычбек Самаков киргизди.
Ал комиссия түзүү демилгесин көтөргөн Жусупбек Коргонбай уулу мандатын тапшырып кеткендиктен комиссия эч кимди сурай албай жатканын айтты.
Анын бул сунушун депутат Улугбек Ормонов сынга алып, комиссияны жоюуга негиз жок экенин билдирди.
“Комиссия ишин улантып бул маселеге чекит коюшу керек. Жалган болсо жалган деп, чын болсо аны чыгарыш керек. Демилге көтөргөн жигит (Жусупбек Коргонбай уулу) бул маселе боюнча кеткен жок. VII чакырылышта түзүлгөн депутаттык комиссиялардын ишинин жыйынтыгы чыкпаганы өкүнүчтүү”, - деди ал.
Эске салсак, ошол кездеги депутат Жусупбек Коргонбай уулу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди коррупцияга айыптап, министрдин жана жакындарынын 50 млн доллар байлыгы бар экенин айткан. Андан тышкары анын уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар экенин билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн