Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 00:46
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Бейшенов кызматтан кетет

18.02.2020 13:59
679
Бейшенов кызматтан кетет


Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов кызматтан кетет. Ал мындай чечимди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолуккандан кийин кабыл алганын билдирди. “Кандай болгон күндө да мен моралдык жоопкерчиликти сезип турам. Ошондуктан кызматтан кетүүгө даярмын”, - дейт ал.


Буга чейин министрдин орун басары Жеңишбек Ногойбаев менен суу транспорту жана салмак габаритин көзөмөлдөө агенттигинин директору Анарбек Бекмуратов Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлерине 10 миң доллар өлчөмүндө пара берип жатып колго түшкөн. Министр ушул окуядан кийин да кызматтан кетүү чечимин кабыл алганын ырастап жатат.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн