Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 06:54
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

"Бейтапканаларга коронавирусту кайдан жуктурганы белгисиз адамдар кайрылып жатат"

28.05.2020 11:20
1038
"Бейтапканаларга коронавирусту кайдан жуктурганы белгисиз адамдар кайрылып жатат"

 

Коронавирусту жуктургандар медициналык мекемелерге өздөрү кайрылган фактылар көп катталып жатат. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбк Боронов билдирди.

 

"Вирустун белгилери бар жарандар медициналык мекемелерге өздөрү кайрылган фактылар көп катталып жатат, алар оорулуулар менен түз байланышта болгон эмес, кайдан, кантип илдетти жуктуруп алганын да билишпейт. Бул оорунун очокторунун көбөйгөндүгүнөн кабар берет. Демек, бардык коопсуздук чараларын күчөтүү зарыл, санитардык талаптар, үй карантини, обсервация режими жана башка бекитилген ченемдер так сакталышы керек. Ар бири адам кайдыгерлиги үчүн жоопко тартылаарын унутпоосу керек. Күтүлбөгөн жерден инфекцияны болтурбоо үчүн, кырдаал көзөмөлдөн чыкпашы керек. Жарандар коомдук жайларда, коомдук транспортто, эл көп топтолгон жерлерде өз коопсуздугу үчүн беткаптарды кийүүлөрү зарыл”, - деди Боронов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн