Бугу 14, 2024
Убакыт: 16:49
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бейтаптар кээ бир натыйжасыз дарылар үчүн акчаларын бекер коротуп жатканын адистер эскертүүдө

17.07.2020 08:16
1051
Бейтаптар кээ бир натыйжасыз дарылар үчүн акчаларын бекер коротуп жатканын адистер эскертүүдө


Адис калкка вируска каршы натыйжалуулугу далилденбеген дары-дармектерди пайдалануудан сактануу керектигин эскертти. Бул маселени Дары-дармектерди ырааттуу пайдалануу боюнча адис Бактыгүл Камбаралиева президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда көтөрдү.

Анын айтымында, учурда калк арасында «Арбидол», «Ингавирин», «Эргоферон» жана башка вируска каршы дары-дармектер чоң дүрбөлөңдү жаратып жатат.

Бирок бул препараттардын натыйжалуулугу далилденбегендиктен, ата мекендик клиникалык протоколдорго киргизилген эмес.

«Ошентсе да социалдык тармактардагы жарнамалардан улам калкыбыз булар абдан натыйжалуу жана зарыл дары-дармек деп ишенип алышкан. Мындай көрүнүш баалардын 100 сомдон 700 сомго чейин көтөрүлүп кетишине шарт түздү. Бейтаптар акчаларын бекер коротушууда. Бирок ошол эле учурда натыйжасын көрбөй жатышат. Бул дагы бейтаптардын биздин клиникалык протоколдорго ишенбөөчүлүгүн пайда кылып, дарыгерлер начар дарылап жатышат деп айтууларынын бир себеби болушу мүмкүн», — деди Бактыгүл Камбаралиева.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн