Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен жергиликтүү бийлик тарабынан бүгүнкү күнгө госпиталдык, күндүзгү жана түнкү стационардык пунктарга жаткырууга жалпы 29 337 орун (койко-мест) даярдалды. Бул тууралуу министр Замирбек Аскаров брифингде билдирди.
Анын ичинен: госпиталдаштыруу боюнча орундар – 15 339, күндүзгү стационардык орундар – 14 231, жана түнкү стационардык орундар – 417.
Ыкчам штабдын тапшырмасынын негизинде республиканын аймагындагы обсервациялык орундарды госпитализацияга даярдоо иштери жүргүзүлдү, кошумчалады министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн