Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 11:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бейтаптарга антибиотиктердин көп сунушталышы мындай дарыларга көз каранды болуп калуусуна алып келет

17.07.2020 08:45
812
Бейтаптарга антибиотиктердин көп сунушталышы мындай дарыларга көз каранды болуп калуусуна алып келет

Бейтаптарга антибиотиктер көп сунушталып жаткандыктан, стационарга келип түшкөндө аларга акыркы муундагы резервдик антибиотиктер таасир этпей калууда. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу Аида Зурдинова президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда белгиледи.

Адамдардын организминин антибиотиктерге көнүп калуу көйгөйүн белгилеген Аида Зурдинова, башаламан пайдалануудан улам дары-дармектердин таңкыстыгы келип чыккандыгын кошумчалады.

Анын айтымында, баштапкы звенодогу жана стационарлардагы дарыгерлер бейтаптардын ден соолугу тууралуу айткандары боюнча дары-дармектерди интуиция менен сунушташат. Бирок, маселен, антикоагулянттар лабораториялык көрсөткүчтөр менен гана сунушталышы керек.

Аида Зурдинова баштапкы деңгээлде жана стационарларда дары-дармектерди башаламан эле пайдалана берүүнү токтотууга жардам берүүчү прокальцитонин бактериалдык инфекция маркерин колдонууну сунуштады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн