Бишкек шаарында 5 обсервация борбору бар. Бул тууралуу маалымат жыйында Ички иштер министринин орун басары жана Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
Маалыматка ылайык, алар “Ак-Кеме” мейманканасы, Улуттук онкология борбору, Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борбору, "Гарден" жана "Достук" мейманканалары.
Эске салсак, 11-апрелге карата өлкө боюнча 339 адамдан коронавирус илдети табылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн