Аяк оона 19, 2025
Убакыт: 13:23
USD
87.30
87.80
EUR
102.40
103.40
RUB
1.045
1.075

Кыргызстан Түрк инвестициялык фондун түзүүнү колдойт

Кыргызстан Түрк инвестициялык фондун түзүүнү колдойт


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жолугушуусунда кесиптештеринин Түрк инвестициялык фондун түзүү  боюнча сунушун колдорун билдирди. 


Бирок, ал мындай структураны түзүү гана маанилүү эмес, пайдалуу жана керектүү долбоорлорду практика жүзүндө өнүктүрүү зарыл экендигин белгиледи.  


“Түрк инвестициялык фондунун башкаруучулар кеңешинин кезектеги жыйынын быйыл Бишкек шаарында өткөрүү демилгесин колдооңуздарга ишеним артам. Экономикалык байланыштарды тереңдетүү үчүн Түрк инвестициялык фондунун ишке киришинен тышкары, Түрк Соода-өнөр жай палаталарынын жана Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында Соодага көмөктөшүү комитетинин ишмердүүлүгү чоң мааниге ээ. Бул түзүмдөрдүн ишкердик жигердүүлүккө көмөктөшүү, соода тоскоолдуктарын жоюу жана бизнести, өзгөчө чакан жана орто бизнести колдоо боюнча чоң дарамети бар”, - деди ал.


Экономикалык өз ара аракеттешүүнү системалуураак кылуу максатында, Кыргызстан ТМУга мүчө мамлекеттердин ортосунда экономика, соода, инвестиция жана каржы тармагында кызматташуу боюнча Жол картасынын долбоорун сунуштаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн