Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 20:15
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Билгенге президентте өтө чоң жүк

06.05.2021 00:41
1154
Билгенге президентте өтө чоң жүк


Отуз жыл Кыргызстанды президенттер жана анын аппараты башкарды. Мыйзамдуу да мыйзамсыз да.  Бирок, сары улактай садага катары Өкмөт башчылар чабылып келди. Бүгүнтөн тарта толук жоопкерчилик Президентке өттү. Эми эч ким Мариповдон же Новиковдон жооп сурабайт. Жоопкерчиликти Садыр Жапаров керт башына алды. 

Билгенге бул өтө чоң жүк! 


Бирок, биз да ушул бир кабинет кишиден эле баарын талап кыла бербей, ар кимибиз өз тармагыбыздан, өз ишибизден майнап чыгарып, былтыр Ковидге, быйыл Баткенге бириккендей биригип, мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө бел байлашыбыз керек. Экономикаң эңкейип турса, карызың капталдан болсо, сени эч бир мамлекет сыйлабайт экен, мамлекет катарына көрбөй, маал-маалы менен кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылат экен, ар кандай айландырып сынайт экен, муну баарыбыз билдик! 


Тек, жарандык коом, эл менен бийлик ортосундагы ишеничти бийик кармап, чын ыклас менен элге жакын жана так иштеп жатканын көрсөтө билген бийлик болсо, муну МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫ деген кызматкер ийине жеткире аткарып берсе, жылыш болмок.


Жок, "айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман" деп, эл айтканга чычалап, кастарын тигип, катуу кабыл ала берген болсок, эч жакка жылбайбыз! 


Атамбаевчи-матраимовчу, акшчы-гуленчи, Атамекенчи-Даканса болуп, ичибизден тытышкандан пайда таптыкпы? "Митинг кылбайлы, митингге каршыбыз" деп митингге чыккан биздей эл кайда бар?


Кыргызстандын кызылын жакшы эле  кырып бүтүштү. Тойгондор тойду. Мындан аркысын эми жалпы эл текши көргөндөй, кол жалагандай болуп, мамлекет-жеке жак, инвестор-атамекендик ишкер өнөктөштүгү жакшы иштеп, салык жашыруу-мекенди, ата-энени саткандай жасабай турган кылмыш катары ар бирибиздин мээбизде сиңип, эриш аркак оокат кылсак болот эле. 


Баарын эле саясий көз караш менен карабай, экономикалык сабаттуулук менен өлчөп көрүп,  бири-бирибизден шекшинбей, ар бир коррупциялык фактыны ачкандарды улуттук баатыр катары санап, жумуш орун түзгөндөрдү министрлердей төргө чыгарып,  ыктыярчы, меценаттарга уча тартып, сыйлап,  революция, митингдерди өзүбүзгө, ар бирибиз коом алдындагы мамилебиз не жасайлы. 


Силер да элдин оюн, агымын, тилегин туура кармай билип, элден жашырбай, ачык-айкын, фильтрсиз иштеп бергиле эми. Башка эмне дейбиз, калганы Кудайдан да!


Тынчтык Алтымышев, журналист

Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн