Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 12 жылдык окуу боюнча коомчулукту түйшөлткөн суроолорго социалдык баракчасы аркылуу жооп берди.
Министрдин 12 жылдык окуу боюнча айткандарынын урунттуу учурлары:
- мектепте билим алуунун 12 жылдык моделине президенттин тапшырмасы менен өтүп жатабыз;
- балдар 19 жашка чейин окубайт, мурдагыдай эле мектепти 16-17 жашында бүтөт. Болгону нөлүнчү класс деген жоюлуп, ал 1-класс деп аталат;
- учурда өлкө боюнча 100 миңден ашык бала нөлүнчү класста окуйт. Аларды окуткан мугалимдердин эмгек акысына 800 миллион сом мамлекеттик бюджеттен төлөнчү. Бишкекте нөлүнчү классты окута турчу мугалимдерге шаардык бюджеттен 12 миллион 400 миң сом чегерилип, айлык акы маселеси чечилет;
- Кыргызстандагы иштеп жаткан бала бакчалардын бардыгында мектепке даярдоо программасы иштейт. Ошондо биринчи класска кире турган 157 миң окуучунун 80 пайызы даярдык менен мектеп босогосун аттайт. Ал эми калган 20 пайызын даярдоо үчүн кыска мөөнөттүү бала бакчалар ачылмакчы. Айыл жерлеринде мындай өнүктүрүү борборлору жергиликтүү бийлик сунуштаган имараттарда уюштурулат. 20 пайыз баланы мектепке даярдоо үчүн 870 мугалим даярдалды, дагы 4500 адис квалификациясын жогорулатмакчы;
- 12 жылдык окуу донор тарабынан эмес, мамлекет тарабынан каржыланат;
- Сингапурдан так илимдер жана англис тили боюнча 46 наамдагы китепти бюджеттик каражаттын эсебинен сатып алуу пландалууда. Президент бул процессти илгерилетүүгө тапшырма берди. Мындай кымбат китептер эми ар бир кичинекей кыргызстандыкка жеткиликтүү болот;
- эми шаарда балдар аз барган мектептер менен ири мектептер оптималдаштырылат. Учурдагы ички миграцияны эске алуу менен Чүй облусуна (анын ичинде Бишкектин тегерегиндеги аймактар) 46 мектеп салынышы керек деген титулдук тизме кабыл алынды. Өлкө боюнча 200дүн тегерегинде жаңы мектеп курулат;
- мугалимдерди ноутбуктар менен камсыздоо башталып, бул да бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт;
- 12 жылдык билим берүүдө мектептерде кесипке багытталган табигый математикалык, гуманитардык, технологиялык класстар түзүлөт. Ошондой эле мектептен кошумча жумушчу кесиптин ээси болуп, сертификат алганга мүмүнчүлүк жаралат. Алар эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болуп чыгышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн