Бугу 11, 2024
Убакыт: 13:40
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Билим берүү министри 4,5 жылга кесилди

23.06.2020 11:59
2306
Билим берүү министри 4,5 жылга кесилди


Колуң, ниетиң таза болбосо бийликтин бийик тепкичине чыгуу опурталдуу. Москва шаарынын Лефортов райондук соту Дагестандын билим берүү министри Шахабас Шаховду паракоролук жана бюджеттик каражаттарды ысырап кылганды үчүн айыптуу деп таап, прокурор сураган 14 жылдын ордуна 4,5 жылга эркинен ажыратты.


Мындан тышкары, экс-чиновник 20 миллион рубль айыппул төлөшү керек.


Шахабас Шахов наркы 293 миң рубль турган импорттук диван түрүндө пара алгандыгы жана билим берүү программаларына деп бөлүнгөн бюджеттик 700 миң рублди эсепсиз чачкандыгы далилденген.


Эске салсак, 2015-жылдан берки иликтөөлөрдүн жыйынтыгында Дагестан өкмөтүнүн мурдагы мүчөлөрү: премьер-министр Абдусамат Гамидов, анын орун басарлары Шамиль Исаев менен Раюдин Юсуфов, ошондой эле билим берүү министри Шахабас Шахов бюджеттик каражаттарды жеп-ичүү фактылары боюнча айыпталышкан жана алар Москвага жөнөтүлүп, тергөө абагына отургузулушкан.


Өткөн жылы Лефортов райондук соту мурдагы премьер Абдусамад Гамидовду алты, анын орун басары Раюдин Юсуфовду беш жарым жылга жалпы режимдеги колонияга камоо чечимин чыгарган.


Баса, кечээ 22-июнда Кыргызстандын Жогорку соту да чуулгандуу ЖЭБ боюнча ишке чекит койду. Жогорку сот С.Исаков, Ж Сатыбалдиев, О.Лаврова, О.Артыкбаев, А.Калиев, С.Авазов, Ж.Назаров, Т.Бримкуловдор боюнча экинчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.


Мурдагы премьер Сапар Исаков 15 жылга, Улуттук энергохолдинг компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев 14 жылга эрктеринен жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн