Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Билим берүү министри 8-класстын окуучуларын алдын ала тестирлөөдөн өткөрүүнү сунуштады

05.09.2023 10:15
203
Билим берүү министри 8-класстын окуучуларын алдын ала тестирлөөдөн өткөрүүнү сунуштады


Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев үстүбүздөгү жылы 8-класстын окуучуларын 1-чейректи жыйынтыктоодо, март айында жана окуу жылынын соңунда алдын ала тестирлөөдөн өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу министр PISA эл аралык изилдөөсүнө даярдыктардын жүрүшү боюнча кеңешмеде билдирген.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кеңешменин катышуучулары мугалимдердин PISA боюнча маалыматынын төмөндүгүн белгилешти. Министр тесттин суроолорун кыргыз тилине так которуу зарыл экендигине басым жасады.

Министр жакынкы аралыкта шаарлардын жана райондордун билим берүү бөлүмдөрдүн, башкармалыктарынын жетекчилери жана мектептердин директорлору, мугалимдерге сынак тест боюнча тренинг-семинар өткөрүү тапшырма берди.

Белгилесек, 2025-жылы Кыргызстанда 15 жаштагы окуучулардын арасында PISA билими жана көндүмдөрү бааланат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн