Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Билдирүүгө караганда, министр иш сапарын Балыкчы шаарынан баштап, Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу райондорунда улантып, Каракол шаарына барды. Иш сапардын алкагында ал окуу процесси реалдуу режимде жанданган мектептерге барып, окуучулардын сабактарына катышты.
Ошондой эле Бейшеналиев тиешелүү адистер менен авариялык абалдагы мектептерди талкуулаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн