Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 06:14
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Билим берүү министри IT адистигин бала бакчадан өздөштүрүүнү сунуштады

24.03.2023 14:42
224
Билим берүү министри IT адистигин бала бакчадан өздөштүрүүнү сунуштады

Кыргызстанда балдарга бала бакчадан тарта IT адистиктерин окутууга шарт түзүү керек. Бул тууралуу дүйнөлүк IT-лидерлери катышкан Борбор Азия технологиялык форумунда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев билдирди.


Анын айтымында, министрлик IT адистиктери боюнча кадрларды активдүү окутууну баштоону пландоодо.


“Ал үчүн бала бакчадан баштап алардын билим алуусуна шарт түзүп беришибиз керек. Бул контекстте биз белгилүү бир планды иштеп чыкканбыз. Мисалы, мектеп программасына жеткиликтүү тилдерде моделдөө жана программалоо сабактарын киргизүү, мектеп окуучуларын шыктандыруу үчүн робототехника жана автоматташтыруу боюнча республикалык олимпиадаларды өткөрүү, жыл сайын 2 миңден ашык адамды окутуучу IT борборлорун аймактарга ачуу керек”, - деди ал.


Сөзүнүн аягында Иманалиев белгилегендей, министрликтин максаты – дүйнө жүзү боюнча иштей турган 10 миңден кем эмес IT адистерин даярдоо.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн