Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 17:24
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Билим берүү министри Купешев кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады

29.12.2021 18:06
816
Билим берүү министри Купешев кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев  жалпы кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Төмөндө министр Купешевдин куттуктоосу:


Урматтуу кыргызстандыктар!

Ардактуу мугалимдер, студенттер, окуучулар!


Сиздерди кирип келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен ак дилимден куттуктайм!

Узап бара жаткан жылда пандемия шартына карабастан өлкөбүздө зор ийгиликтер болду. Билим берүү жана илим министрлиги өлкөбүздүн өнүгүүсүнө ортоктош болуп, билим уясы болгон билим берүү мекемелери окуучуларга, студенттерге эшигин ачып, жаңы окуу жылын жаңы дем-күч менен баштадык. 

Эң башкысы – бүгүнкү күндө ийкемдүү, ачык жана динамикалуу өнүгүүчү улуттук билим берүү системасын өнүктүрүүнүн жолдорун аныктаган үч жылдык программабызды кабыл алып, алдыга койгон асыл ой-максаттарыбызды, билим берүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктап алдык. 

Кудай буюрса, жаңы жылда билим берүү системасында кыргыз элинин руханий жана маданий баалуулуктарын арттыруу менен билим берүүнүн сапатын мындан дагы жакшыртып, максималдуу санариптештирүү, инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча изги ой-тилектерибиз бар. 

Ошону менен бирге мугалимдин статусун жана кадыр-баркын жогорулатуунун, алардын эмгегин жогору баалоонун жолдорун карап жатабыз. 

Кыргызстандын келечеги, социалдык-экономикалык өнүгүүсү билим берүү системасына байланыштуу. Анткени билимдүү, илимдүү жаштарыбыз, адам ресурсу аркылуу гана өлкөбүздү өнүккөн мамлекеттердин катарына кошо алабыз.

Ошондуктан Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн министрлик өлкөбүздүн келечеги болгон жаш муундарга көп маданияттуу жогорку билим берүүнүн сапатын арттыруу максатында өзүнүн стратегиялык багыттагы иш пландарын жүзөгө ашыруу боюнча колдон келген аракеттерин көрүүдө.

Жаңы жылда жаңы маалыматтык технологияларды колдонуу жана заманбап ыкмалар, методикалар аркылуу билим берүү системасын өркүндөтүү менен өлкөбүздүн өнүгүп-өсүүсүнө зор салымыбызды кошо бермекчибиз.

Жаңы жыл жалпы кыргызстандыктар үчүн жаңы ийгиликтердин башталышы болуп, ойлогон ой-максаттары, үмүт-тилектери кабыл болсун! Ар бир үйгө кут конуп, ырыскы байырлап, жергебизде бейпилдик өкүм сүрүп, кампабыз данга толуп, элибиз байгерчиликте, бакубат турмушта жашап, бекем ден соолукта узун өмүр сүрүшсүн!

Жаңы жыл ак жолтой жыл болсун! 

Жаңы жылыңыздар куттуу болсун, урматтуу кыргызстандыктар!



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн