Жетинин айы 01, 2024
Убакыт: 12:33
USD
85.65
86.15
EUR
93.20
94.20
RUB
0.880
0.915

Билим берүү министри Пакистан элчиси менен жолугушту

04.08.2021 14:08
533
Билим берүү министри Пакистан элчиси менен жолугушту


Бүгүн, 3-августта Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде министр Болотбек Купешев Пакистан Ислам Республикасынын элчиси Сардар Азхар Тарик Хан менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга министрдин орун басары Нурлан Өмүров жана Пакистан элчилигинин миссиясынын жетекчисинин орун басары Тарик Али да катышты.

Тараптар билим жана илим жаатындагы кыргыз-пакистан кызматташтыгы маселелерин талкуулап, кызматташтыкты чыңдоо боюнча андан аркы пландарды белгилешти.

Жолугушууда пакистандык жарандардын Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайларында билим алуусу менен байланышкан маселе талкуунун өзөгүн түздү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Болотбек Купешев Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайлары тарабынан көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын сапатын жакшыртуу үчүн министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Тараптар билим жана илим жаатындагы кыргыз-пакистан кызматташтыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү шарттар бар экенин, медицина тармагынан тышкары да так илимдер жаатында, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, инженердик-техникалык адистиктер боюнча кызматташуу кызыгуу жаратышы мүмкүн экенин белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында билим жана илим, атап айтканда, медициналык билим жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү максатында, тараптар кызматташуу жөнүндөгү протоколдорго кол коюу жолу менен Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Пакистандын Жогорку билим берүү боюнча комиссиясынын, Пакистан медициналык комиссиясынын ортосундагы кызматташтыкты жөнгө салууну макулдашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн