Бугу 04, 2024
Убакыт: 01:21
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Билим берүү министри окуу жайлардын ректорлору менен студенттердин окуу акысы боюнча маселени талкуулады

15.01.2021 09:17
558
Билим берүү министри окуу жайлардын ректорлору менен студенттердин окуу акысы боюнча маселени талкуулады

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, жыйналышта ЖОЖдордун ректорлору тарабынан окуу акынын айланасында жаралган кырдаалга байланыштуу маалымат берилди.

Министр жаралган көйгөйдүн алкагында ар бир ректорго жогорку окуу жайдын деңгээлинде жыйналыш уюштуруу жана ар бир студентке индивидуалдык мамиле жасоо, алар менен тыгыз иштешүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле студенттерге жогорку окуу жайдын абалы, мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берүүнү, жаралган көйгөйлөрдү студенттер менен биргеликте талкууга коюуну тапшырды.

Жыйындын соңунда министр жогорку окуу жайлардын кайрадан ачылышында студенттердин, мугалимдердин, техникалык персоналдын ден соолугу биринчи орунда экендигин баса белгилеп, санитардык эрежелердин сакталышына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн