Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов АКИпресс агенттигине берген маегинде окуучулардын бирдиктүү формасы тууралуу пикирин билдирген.
Министр белгилегендей, мектеп окуучуларынын бирдиктүү формасы боюнча 2015-жылы мыйзам кабыл алынган.
"Кабыл алынган мыйзамга ылайык Кыргызстандагы мектептерде окуучулар үстүнө ак түстөгү көйнөк, астына кара түстөгү шым же юбка кийүүгө милдеттүү.
Ал эми хижаб кийген кыздардын билим алуусуна эч кандай тоскоолдук болбош керек"-, деди министр Мамбетакунов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн