Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 23:09:51
USD
87.40
87.80
EUR
96.20
97.20
RUB
1.015
1.050

Билим берүү министрлиги 8-апрелден баштап балдарды аралыктан окутууга өткөрөт (видео)

31.03.2020 14:56
1001
Билим берүү министрлиги 8-апрелден баштап балдарды аралыктан окутууга өткөрөт (видео)


Билим берүү жана илим министрлиги 2020-жылдын 8-апрелинен баштап балдарды аралыктан окутууга өткөрөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.  


«Бүгүнкү күндө видео сабактарды көрсөтүү боюнча телеканалдар менен иштешип жатабыз. “Баластан” телеканалынан атайын пайдалуу жана таанып-билүүчү көрсөтүүлөр чыгарылып турат. Алардын ичинде балдарды мектепке даярдоо боюнча 480 сааттык программа жана башталгыч класстардын окуучулары үчүн видео сабактар бар», - деди Жусупбекова.


Анын айтымында, 5-9-класстардын окуучулары үчүн “Илим-Билим” ЭлТР, “Пирамида” телеканалдарынан видео сабактар көрсөтүлөт.


«Биздин мугалимдер 16-марттан тарта окуучулар менен Zoom, Whatsapp интернет программалары аркылуу байланыш түзүүдө, мессенджерлерден алар видео сабактардын чыгуу убактыларын жана жүгүртмөлөрүн билдирип турушат», - деп кошумчалады Надира Жусупбекова.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн