Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:23
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Билим берүү министрлиги мамлекеттик кызмат орундарына ачык сынак жарыялады. Шарттары

11.03.2023 12:59
402
Билим берүү министрлиги мамлекеттик кызмат орундарына ачык сынак жарыялады. Шарттары


Билим берүү жана илим министрлиги улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында ачык сынак жарыялады.

Ведомствонун маалыматына караганда, сынак 11-мартта баштып, 28-мартка чейин уланат.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:

- жеке арызы;
- өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4);
- резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолбогондугу тууралуу маалымат);
- нотариустан күбөлөндүрүлгөн негизги жана дагы кошумча билими бар болсо ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
- паспорттун көчүрмөсү;
- соттолбогондугу тууралуу ИИМ маалымкаты.

Талапкерлерге коюлган талаптар жөнүндө кененирээк маалымат https://edu.gov.kg/announcements/210/

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн