Тогуздун айы 10, 2024
Убакыт: 14:21
USD
85.35
85.85
EUR
92.80
93.80
RUB
0.870
0.915

Билим берүү министрлиги мугалимдер үчүн 80 миң ноутбук сатып алат

10.10.2024 12:08
20
Билим берүү министрлиги мугалимдер үчүн 80 миң ноутбук сатып алат


Билим берүү жана илим министрлиги мектептердин 80 миң мугалимин ноутбук менен камсыз кылууну пландоодо. Буга байланыштуу мекеме ноутбуктарды сатып аларын жарыялады.


Министрлик адегенде жеткирип берүүчүлөрдөн жана даярдоочу заводдордон коммерциялык сунуштарды күтөт. Анда жеткирүүнүн мөөнөтү да көрсөтүлүшү керек. Бул аракеттер министрликке ноутбуктарды сатып алуунун алдында анын баасына мониторинг жүргүзүүгө жардам берет. Баалары көрсөтүлгөн сунуштар 11-октябрь саат 14:00гө чейин кабыл алынат.


Ноутбук даярдаган тараптар же ноутбук менен иш жүргүзгөндөр сунуштарын [email protected] дарегине жөнөтүшү керек. Толук маалымат менен бул шилтеме аркылуу кирип таанышсаңыз болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн