Бугу 20, 2024
Убакыт: 17:12
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Билим берүү министрлиги окууну жандантуунун 3 жолун сунуштады

05.11.2020 08:58
1667
Билим берүү министрлиги окууну жандантуунун 3 жолун сунуштады

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде реалдуу окутуу форматына өтүү үчүн түрдүү жолдорду иликтеп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Айнура Кусеинова "Ала-Тоо 24" каналына берген маегинде кабарлады. 


Мектептерде реалдуу форматта окутуу мектепте окуган окуучулардын санына жана аймактагы абалга байланыштуу болот. 


Билим берүү министрилиги төмөнкү 3 вариантты сунуштайт:


1-вариант. Мектептин жеке же мамлекеттик экенине карабай окуучу саны 300гө чейин болсо, санитардык көзөмөл органдарынын жана жергиликтүү башкаруу органдарынын уруксаты менен 1-класстан 11-класска чейин окуучулар реалдуу форматта окуй баштайт.


2-вариант. Мында мектепте окуган балдардын саны 600гө чейин болсо, бул мектептер санитардык жана жергиликтүү башкаруу органдарынын уруксаты менен этаптуу түрдө реалдуу форматта окуй баштайт. Алгач 1-5-9-11-класстар окуй баштайт. Экинчи этапта калган класстын окуучулары окуйт.


3-вариант. Эгерде мектептеги окуучу саны 600дөн ашык болсо, тиешелүү органдардын уруксаты менен этап этабы менен окуй баштайт. Бул вариантта ийкемдүү график менен окутуу талап кылынат.Алгач 1-11-класстар андан кийин 5-9-класстар окуй баштайт.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Майрамбек
Мектепте ачуу керек билим денгээл ото Томон эле вообще ноль боло электе мектептен окууту керек
Камчиева
Мектепти ачканга болбойт азырынча