Бугу 15, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Билим берүү министрлиги жарандардын ишеним индекси боюнча 3-орунга чыкты

24.09.2020 13:03
1021
Билим берүү министрлиги жарандардын ишеним индекси боюнча 3-орунга чыкты

Билим берүү жана илим министрлигине карата калктын ишеним индекси 37,3%га көтөрүлүп, 2020-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен министрликтер арасында 3-орунга чыкты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 7%га жогорулаган.


2019-жылы министрлик калктын ишеним индекси боюнча акыркы 8 жылдагы эң жогорку көрсөткүчүн көрсөтүп, министрликтер арасында 7-орундан 4-орунга көтөрүлгөн эле. 2019-жылдын 1-жарымында 24,9% болсо (7-орун), 2019-жылдын аягында көрсөткүч 30,5%га (4-орун) жогорулаган болчу.

Улуттук статистика комитети 2012 жылдан тартып системдүү түрдө 3,6 миң жаранды сурамжылоонун негизинде «Калктын ишеним индексин» түзөт. Жарандардын жоопторунун негизинде мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн, алардын сапатын, жарандар менен өз ара кызматташуусун аныкташат.

«Калктын ишеним индекси» 3 негизги индекстен турат:

- жарандын мамлекетке болгон жеке ишеними;


- жарандардын аткаруу бийлигинин органдарындагы коррупциянын деңгээли жөнүндөгү жеке түшүнүгү;


- бийлик органдарынын ишмердүүлүгүн жумуштун сапатына жараша баалоосу.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн