Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:35
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Билим берүү системасында иштөөнү каалаган жаш адистер азайып жатат, - Исмаилова

11.05.2020 17:49
1094
Билим берүү системасында иштөөнү каалаган жаш адистер азайып жатат, - Исмаилова


Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүн, 11-майда кезектеги жыйыны өтүп, анын жүрүшүндө Кыргыз өкмөтүнүн 2019-жылдагы иши жөнүндө премьер-министрдин отчету тууралуу маалымат угулду.  


Вице-премьер-министри Аида Исмаилова аткарылган иштер, алдыдагы пландарга токтолду.  


Анын айтымында, билим берүү тармагында эмгек акы аз болгондуктан квалификациялуу кадрлар кетип жатышат, мектепте жана мектепке чейинки билим берүү системасында иштөөнү каалаган жаш адистер азаюуда. Мугалимдердин эмгек акысы көбөйтүлгөнүнө карабастан ал мурдагыдай эле өлкө боюнча орточо эмгек акынын өлчөмүнөн аз, экономиканын реалдуу секторундагы орточо эмгек акыдан аз жана ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү тийиштүү эмгек акыдан 3 эсе аз.


"Мектептердин дайыма кем каржыланышы окутуунун сапатына кесепетин тийгизүүдө. Мектептик билим берүүдө нормативдик каржылоо боюнча ар бир окуучуга чыгымдар бюджеттин каражатынан 87,6% гана жабылат, башкача айтканда, 2016-жылы окуучуларды каржылоонун минималдуу стандарттарынын кемтигин жабуу 2 млрд сомду түзгөн, натыйжада мыйзамсыз акча чогултуу системасы ого бетер кеңейип жатат", - деди А.Исмаилова. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн