Бугу 20, 2024
Убакыт: 14:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Билим берүү жана илим министри Нарынга иш сапары менен барды

26.01.2021 15:03
577
Билим берүү жана илим министри Нарынга иш сапары менен барды


КР билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев иш сапары менен Нарын облусунун Жумгал, Кочкор райондорунда болду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, иш сапарынын алкагында Алмазбек Бейшеналиев Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылындагы Тыналы атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Аталган мектеп 2020-жылдын декабрь айында курулушу толук аяктап, пайдаланууга берилген. Азыркы учурда мектепте 300 окуучу билим алып, 31 мугалим эмгектенет. Бейшеналиев министрликтин атынан жаңы курулган мектепке 16 комплект компьютер тапшырды.

Министр иш сапарын улай Жумгал районунун Таш-Дөбө айылындагы мектептин курулушу, ошондой эле Кочкор районунун Теңдик айылындагы Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин, Кара-Тоо айылындагы Ш.Абдылдаев атындагы орто мектебинин жалпы абалы менен таанышты.

Министр облустук билим берүү жана райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилерине ар бир райондогу көйгөйлүү деп саналган мектептердин тизмесин тактап берүүсүн тапшырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн