Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Билим берүү жана илим министрлиги кесиптик лицейлер үчүн эксперименталдык билим берүү программасын иштеп чыкты

19.11.2020 09:38
630
Билим берүү жана илим министрлиги кесиптик лицейлер үчүн эксперименталдык билим берүү программасын иштеп чыкты

Билим берүү жана илим министрлиги Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржылануучу “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында 10 артыкчылыктуу кесип боюнча эксперименталдык билим берүү программасын иштеп чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.


Аталган кесиптер ар бир регион үчүн жүргүзүлгөн эмгек рыногун изилдөөнүн негизинде тандалып алынган. Апробациялоо пилоттук кесиптик лицейлерде жүргүзүлөт.


Иштелип чыккан эксперименталдык билим берүү программалары окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик жана социалдык-инсандык компетенцияларын калыптандырууга багытталган. Программанын өзгөчөлүктөрүнүн бири – окутуунун кредиттик системасын колдонуу, ал кесиптик билим берүүнүн деңгээлдеринин ортосундагы билим берүү траекториясын камсыздоо үчүн шарттардын бири болуп саналат. Башкача айтканда, аткарылган иштин башкы милдети болуп билим берүү программасын өлчөөнүн бирдиктүү бирдигине келтирүү саналат жана лицейдин бүтүрүүчүсү орто жана жогорку кесиптик окуу жайга тапшырган учурда анын окуусунун натыйжасын таанууга мүмкүндүк берет.


Апробациялоонун жыйынтыгы боюнча кесиптик лицейлерде кредиттик окутуу системасын андан ары колдонуу каралат.

Баштапкы кесиптик билим берүүнүн пилоттук кесиптеринин тизмеси:

                                 Пилоттук кесиптер 


1 Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик

2 Ветеринардык дарылоо иштери боюнча оператор

3 Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электромонтер

4 Автомеханик

5 Курулушта жасалгалоо иштеринин мастери

6 Слесарь сантехник

7 Жыгач устачылык эмерек өндүрүшүнүн мастери

8 Автотранспорттук каражаттарды оңдоо боюнча слесарь

9 Ачык тоо-кен иштеринин машинисти

10 Тикмечи

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн