Бугу 05, 2024
Убакыт: 11:50
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Билим берүү жана илим тармагы оңолобу?

28.04.2020 11:41
1243
Билим берүү жана илим тармагы оңолобу?


Түштүк Африкадагы университеттердин биринде, тактап айтсак, Стелленбоск университетинде мээге «чак» эттире тургандай таасири бар билдирүү жазылып турат. Бул университет 19-кылымдын орто ченинде негизделген, учурда ири африкалык университеттердин бири болуп саналат. Мына ушул университеттин кире беришинде төмөндөгүдөй билдирүү жазылып турат: «Кандай гана улутту болбосун жок кылуу үчүн атом бомбасы же алыскы радиуска чейинки таасири бар ракетаны пайдалануу талап кылынбайт. Болгону билим берүүнүн сапатын төмөндөтүү жана окуп жаткандарга экзамендерде алдап коюуга жол берүү талап кылынат. Ошондой дарыгерлердин колунан пациенттер өлөт. Ошондой инженерлердин колунан имараттар бузулат. Ошондой экономисттер жана бухгалтерлердин колунан акча жоголот. Ошондой юрист жана соттордун колунан акыйкаттык жоголот. Билим берүүнү талкаланышы – бул улуттук талкаланышы». 


Кандай гана таасирдүү сөздөр, туурабы? Балким, мына ушул айтылгандар биздин өлкөнүн да билим берүү жана илим тармагына түздөн-түз тиешелүү болуп жүрбөсүн? СССР деген ири держава кулагандан кийин, ал системадагы бардык артыкчылыктарды да, кемчиликтерди да эч нерсеге жараксыз деп таштандыга ыргыттык. Алардын ичинде билим берүү системасы да бар болчу. Албетте, 100% советтик билим берүү системасынын баш тартып кеттик дегенге болбойт. Бирок, ал системаны эски, шалтурук, жараксыз деп чанып кеткенибиз жалган болбосо керек. Ошентип бүгүнкү күндө биз билим берүү системабызды совет дооруна салыштырмалуу жогору көтөрдүкпү же тескерисинче болуп калдыбы?


«Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат» деген кеп бар. Анын сыңары биз өлкөбүздөгү билим берүү жана илим тармагындагы оркойгон жетишпестиктерди ачык, так айтып чыгып, аны оңдоо аракеттерин көрбөсөк, анда эртең өтө кеч болуп калат. Азыркы тапта бир сөз менен айтканда, биздин билим берүү системабыз – жамаачыланган төшөк сыяктуу болуп турат. Чет мамлекеттерден келген ар кандай гранттардын негизинде ишке ашырылган долбоорлор менен жамаачыланып отуруп, бирдиктүү система жок болуп калганын бул тармактагы кесипкөй адистер өздөрү да айтып келатышат. 


Мектеп окуучулары үчүн даярдалган окуу куралдарынын (китептер) сапаттары тууралуу өзүнчө кеңири сөз кылса болот. Андагы грамматикалык, орфографиялык, пунктуациялык каталар бир тең дагы, окутуу методикасынын ашкере татаалдаштырылганы бир тең. Окуучу эмес, чоң кишинин башы айланат. Эптеп эле китеп даярдай коюп, окуучуларга сатып акча таап алайын деп шашылыш жазылгандай эле сезилет. Китеп жазган автор ага өзү каалаган адамдарды белгилүү инсан катары киргизе бергени да акылга сыйбайт. Мисалы, окуу куралдарынын биринде «Кыргыздын белгилүү кызы деп туруп «Гүлзат Мамытбек»» деген «тур, турагой кыргызым» дегенден башка белгилүү эч нерсеси жок айымды мисал кылат. 


Саны бар, сапаты жок жогорку окуу жайлары арбыды. «Аралыктан окутуу» деген жаңы ыкма менен да колдоруна диплом алган алгачкы бүтүрүүчүлөр пайда болду. Дээрлик беш-алты жыл университеттин босогосун аттабай, окуткан окутуучуларын өңүнөн көрбөй жүрүп эле, качан дипломду коргоого келгенде «таанышып» калып жатышат. 


Натыйжада эмне болуп жатат? Стелленбоск университетинде жазылып тургандай «Ошондой дарыгерлердин колунан пациенттер өлүп, ошондой инженерлердин колунан имараттар бузулуп, ошондой экономисттер жана бухгалтерлердин колунан акча жоголуп, ошондой юрист жана соттордун колунан акыйкаттык жоголууда». Жогорку Кеңештин парталарында отургандардын 80%ы мына ушундай билим берүүнүн «түшүмдөрү» болуп калды. 


Баса, дагы бир жагдай, бизде дагы деле мурдагыдай «юрист», «экономист» сыяктуу кесиптерди престиж саноо токтой элек. Колуна ошондой дипломдорду алып туруп, чет мамлекеттерге мигрант болуп кетип жаткандар бар. Алтургай ушундай дипломдору менен Москвада көчө шыпырып калгандар да болгон. Андыктан биздин өлкөдө кандай кесиптер учурда маанилүү экенине да басым жасоо учуру келди. Мисалы, бизге эми мындан ары «Тоо кен иштери», «Геология», «Агроинженерия», «Гидротехникалык курулуш», «Туризм» сыяктуу багыттар боюнча адистерди даярдоо зарылчылыгы бар. 


Сөздү кыскарта айтканда өлкөбүздүн билим берүү тармагын реформалоо учуру келди. Болбосо, «билим берүүнүн талкаланышы – улуттун талкаланышы» болуп калышы кеп эмес.


Канатбек Аскаров

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн