Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:30
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Билим берүүдөгү санариптештирүүдө сапаттуу секирик жасалды, - министр

05.06.2020 09:12
1133
Билим берүүдөгү санариптештирүүдө сапаттуу секирик жасалды, - министр


Билим берүү чөйрөсүндөгү санариптештирүү темпи тездетилди, сапаттуу секирик жасалды, деп белгиледи билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков президент Сооронбай Жээнбековдун өлкө аймактарынын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен болгон санарип диалогго комментарий берип жатып.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Каныбек Исаков Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан коронавирус инфекциясы пандемиясынын шартында республикалык жана облустук телеканалдар аркылуу трансляцияланган видеосабактардын жардамы менен балдарды аралыктан окутуу формасын киргизүүнүн алкагында жаңы антикризистик программа иштелип чыккандыгын баса белгиледи.

Педагогдор менен окуучулардын ортосундагы кайтарым байланышты камсыздоого мобилдик операторлор да көмөктөшкөндүгү белгиленди.

Каныбек Исаков министрлик алынган тажрыйбаны талдоого алып, жалпылаштырганын, уюштуруу мүнөзүндөгү оң жана терс жактарын аныктаганын баса белгиледи.

Ал билим берүү чөйрөсүндөгү санариптештирүүнүн деңгээлин жогорулатууга видеосабактарды даярдоону, мугалимдер тарабынан санарип педагогиканын көндүмдөрүнүн өздөштүрүлүшүн, предметтер боюнча малыматтык база менен порталдардын жана билимдерин текшерүү боюнча тесттик сайттардын иштелип чыгышын атады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн