Бугу 04, 2024
Убакыт: 11:06
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Билим берүүнүн отличниги, журналист Акжол Бекназаров коронавирустан каза болду

01.08.2020 08:47
1100
Билим берүүнүн отличниги, журналист Акжол Бекназаров коронавирустан каза болду



Маданияттын мыкты кызматкери, техникалык билим берүүнүн отличниги Акжол Бекназаров 78 жаш курагында капилет келген оорудан улам каза болду. Бул тууралуу журналист Тургунбай Алдакулов билдирди.


Акжол Бекназаров 1942-жылы Лейлек районунун Ак-Терек айылында туулган. 1960-1965-жылдары Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде билим алып, кыргыз тили жана адабияты мугалими кесибине ээ болгон.


Эмгек жолун 1965-жылы өзү аяктаган Ленин орто мектебинен баштаган. 1971-1983-жылдары Лейлек райондук "Алга" газетасында кабарчы, редактордун орун басары кызматтарын аркалаган. 1983-1986-жылдары Лейлек МСОсунда кадрлар бөлүмүнүн башчысы жана партиялык уюмдун секретары болуп иштеген. 1986-2005-жылдары №31 кесиптик лицейде директордун окуу иштери боюнча орун басары болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан.


Көп жылдык үзүрлүү эмгегинин натыйжасында мыкты педагог, чебер журналист жана жигердүү коомдук ишмер катарында элдин эсинде калды. Ардактуу эс алууга чыккандан кийин да элге кызмат кылуусун талбай улантып, саясий, маданий, тарбиялык иштерде кеңири катышып келди.


Кара кылды как жарган калыстыгы жана калк арасындагы бийик кадыр-баркы үчүн Кулунду айыл өкмөтүндөгү Карыялар Кеңешинин, Аксакалдар сотунун төрагалыктарына бир добуштан бир нече жолу шайланган.


Анын демилгеси менен 2014-жылы Кулунду өрөөнүнүн өздөштүрүлгөндүгүнүн 60 жылдыгы белгиленип, "Кулундуга барганбыз, кол менен канал казганбыз" аттуу китеби жарыкка чыккан.


Акжол Бекназаров Исфана жана Кулунду айылдык кеңештерине депутат болуп да шайланган. Бир канча жолу республикалык, областтык, райондук деңгээлдеги конференцияларга, слетторго делегат болуп катышкан.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн