Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:42
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Билимди, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга 50 млн доллар каралат

08.06.2020 15:03
1943
Билимди, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга 50 млн доллар каралат


Балдарды мектепке даярдоону жакшыртуу жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо каралып жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова бүгүн, 8-июнда Бюджет жана финансы комитетинин олтурумунда билдирди.


Анда депутаттар “Келечек үчүн билим берүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун карашты.


Надира Жусупбекованын маалыматы боюнча, бул долбоордун алкагында 50 млн доллар өлчөмүндө каржылоо каралып жатат. Анын 50 пайызы грант, 50 пайызы насыя.

 

Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун милдети - балдарды мектепке даярдоону жакшыртуу жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу. Эң маанилүүсү - билим берүү тармагын эл аралык PISA (окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программа) рейтингенде алдыга жылдыруу”, - деп кошумчалады ал.


Талкуунун жүрүшүндө депутаттар мектептерди окуу куралдары жана электрондук китепканалар менен жабдуу, ошондой эле региондордогу окуу жайларында педагогикалык кадрлардын жетишсиздиги боюнча  суроолорду беришти.


Талкуунун жыйынтыгы боюнча макулдашуунун долбоору комитет мүчөлөрү тарабынан биринчи окууда жактырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн