Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 23:56
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

“Билимкана” элди алдап, акча үчүн чектен чыга баштадыбы?

05.04.2024 11:36
1304
“Билимкана” элди алдап, акча үчүн чектен чыга баштадыбы?


Урматтуу окурмандар, мен өзүм катышып, баштан өткөргөн окуяны көп эле карапайым ата-энелер көрсө керек. Бу билим берүү тармагы жалаң акча жегич, кан соргуч аппаратка айланып калган окшойт. Айтайын дегеним, Кыргызстанда “Билимкана” деген окуу жайлары жети облуста жана Бишкек шаарында бар экен. Жеке мекеме катары акча төлөп окутуп, терең билим берет имиш. Ушул жылдын 30-мартында англис тили боюнча олимпиадага республиканын булуң-бурчунан финалга чыккан балдар белгиленген саатта “Билимканага” келе башташты. Мен да Нарындан жеңүүчү болуп келген неберемди ээрчитип алып бардым. Тест тапшыруу үчүн белгиленген 1 саат убакыт 20 мүнөт менен чектелип, колдоруна сертификат көтөргөн окуучулар чубап чыга башташты. Аңгыча небере кызым да жетип келди. Мен колуна миң сом берип, “кассага төгүп кел” десем, “тест таршырып бүттүм” деп атпайбы. Өмүрүмдүн жарымы мугалимдик иш менен өттү, бирок мындай олимпиаданы көргөнүм ушул. Баланын ойлонуусуна мүмкүнчүлүк берилген жок. Өмүр баянды деле ойлонуп, анан жазат го. Бул укмушту ушул “Билимкана” жасап жүргөнү дайын болду. Райондук олимпиадага катышуу үчүн 200 сом, облуска 700 сом, республикага 1000 сомдон ар бир окуучу төлөп кирет экен. Ал эми жол киреге кеткен акча бир эле нарындык үчүн бери жагы эле 3600 сом кетип атпайбы! Буга ичкен тамагын кошконум жок. Ошол күнкү баланын саны бери дегенде 50дөй болду. Эми эсептеп көргүлө: 7 облустан 10дон бала келгенде деле орто эсеп менен 2 саатта 100 миң сом таап алат экен. Бул бир эле потоктуку. Анан алар кан соргуч эмей эмне?Саат 12ден кечки саат 18ге чейин жыйынтыгын күтүп, акыйып отурдук. 20 мүнөттө тапшырган тесттен эмне жыйынтык чыгат? Алыстан келген финалисттер четке кагылды. Шаардын он чакты баласы илинди окшойт бирден барак кагазга. Убара менен үзүлбөгөн үмүт кайда кетти?


Урматтуу илим, билим министри Догдуркул Кендирбаева айым, бул жагдайды тыкан карап чыгыңыз. Бул мекеме акча жегичке айланып калган өңдүү. Кыныгын алып бүтүптүр, филиалдар бала жиберип турат экен. Мектеп директорлору санын айтып, “баланча окуучуну даярлагыла” деп буйрук кылат окшойт. Жок дегенде алыстан келгендерге ыраазычылык билдиргенге жарашкан жок. Ал жактан жалаң орусча сүйлөгөн корей улутундагы кызматкерлерди учураттым. Жергиликтүү мугалимдер, кан соргучка балдарды жибербей эле өзүңөр татыктуу билим, тарбияңарды бере бергиле демекчимин. 


Терең урматтоом менен элге билим берүү жана кесипчилик техникалык билим берүүнүн отличниги, тажрыйбалуу усулчу, мугалимдик кесипти аркалап келген ардактуу эс алуудагы эжейиңер, апанар 


Амангүл Абдыкалыкова

Булак: “Азия Ньюс” гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн