Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Билл Гейтстин аялы ажырашкандан кийин канча акча алат?

07.05.2021 23:34
1110
Билл Гейтстин аялы ажырашкандан кийин канча акча алат?


"Мелинда Гейтс күйөөсү менен ажырашкандан кийин 1,8 миллиард долларлык баалуу кагаздарга ээ болот. Бул тууралуу "Bloomberg" билдирет",- деп билдирет "Life.ru".


Канада улуттук темир жол компаниясынын 1,5 миллиард долларлык баалуу кагаздары, ошондой эле "AutoNation" (АКШдагы эң ири авто дилер) 300 миллион долларга баалуу кагаздары жөнүндө сөз болуп жатат. Майкрософттун ээсинин мурунку аялынын атына тиешелүү которууларды Каскад Инвестициялык Фонду жүргүзгөн. Болжолдуу түрдө, бул бүтүмдөр мүлктү бөлүштүрүүгө байланыштуу. Гейтстин карамагында "Republic Services" (кайра иштетүү), "Deere" (айыл чарба шаймандары), "Ecolab" (суу тазалоо тутумдары) сыяктуу 50 миллиард долларлык компаниялардын баалуу кагаздары бар.



Ошондой эле ал Мелинда экөө жалпы кайрымдуулук фонду менен биргеликте иш алып барууга макул болушкандыгы маалымдалды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн