Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:05
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Былтыр 264 бала зомбулукка кабылган

31.01.2022 18:06
905
Былтыр 264 бала зомбулукка кабылган


Бүгүн, 31-январдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында үй-бүлөдө жана билим берүү уюмдарында балдарга карата эмоционалдык, психикалык, физикалык зомбулукту колдонууга байланышкан кырдаалдар талкууланып, тиешелүү мекемелердин маалыматы угулду.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы кабарлады.


Анда Аламүдүн районуна караштуу мектептердин биринде катталган мугалим менен окуучунун ортосундагы жаңжал тууралуу сөз болуп, билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат берди.


Маалыматта айтылгандай окуя катталган мектепте пандемияга байланыштуу мугалимдердин жетишсиздигинен бир эле окутуучу бир эле учурда эки класска сабак берүүгө мажбур болуп турган. Ошондой сабактардын биринде окуучу тарых мугалимине цензурага туура келбеген сөз айтып, ага карата мугалим тарабынан да туура эмес мамиле жасалган. Дароо ошол күнү жүргүзүлгөн териштирүүнүн негизинде, түшүндүрүү иштери болуп, тарых мугалими өз арызы менен иштен кеткен. "Андан бери ар тараптуу алдын-алуу жумуштары жасалып, сүйлөшүүлөр жүрүүдө", - деди министрдин орун басары.


Талкуу маалында комитеттин төрайымы, депутат Динара Ашимова алдын-алуу иштери толук жүргүлсө, мындай окуялар катталбай тургандыгын жүйө келтирип, бардык социалдык багытта иштеген мекемелер биргелешип чара көрүүсү керектигин кошумчалады.  


Муну менен катар депутат ички иштер министрлигинин өкүлүнө кайрылып: "Балдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүлүп, катталган учурлардын саны канча?" - деген суроо узатты.


Министрликтин өкүлү жалпы балдарга жасалган зомбулук жагдайлары боюнча маалымат менен бөлүшүп: "Былтыр жаш өспүрүмдөргө карата зомбулуктун жалпы саны 264ү түздү", - деди. Ал эми быйыл мектеп ичинде бул жаатта 2 факты катталганын кошумчалады.


Ошондой эле Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин маалыматы боюнча 2021-жылы 4309 бала турмуштук оор кырдаалга кабылган.


Жыйынтыгында депутаттар аталган маселе толук изилденип, тиешелүү мекемелер тарабынан жагдайлар кайра кайталанбагыдай чаралар кабыл алынышы керектигин белгилешти.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн