Бугу 02, 2024
Убакыт: 11:16
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Былтыр Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү дээрлик $16 млрд түздү

12.02.2024 12:29
401
Былтыр Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү дээрлик $16 млрд түздү


Кыргызстандын товарларды тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-декабрында 15,7 млрд АКШ долларын түздү, бул 2022-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 29,9 пайызга көп. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди. 

Анын айтымына караганда, мында экспорттук жөнөтүүлөр 46,8 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 26 пайызга көбөйдү.

Төраганын биринчи орун басары ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 4,4 млрд.АКШ долларын түздү жана 2022-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 8,7 пайызга төмөндөгөндүгүн кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн