Бугу 12, 2024
Убакыт: 09:01
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Былтыр Улуттук банктын кирешеси 2 млрд 565 млн сом болгон

03.06.2020 14:43
1151
Былтыр Улуттук банктын кирешеси 2 млрд 565 млн сом болгон


Өткөн жылы Улуттук банктын кирешеси 2 млрд 565 млн сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аалы Карашевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.  

 

Эл өкүлү акыркы үч жылдагы Улуттук банктын бюджетинин киреше бөлүгүнүн көлөмүнө кызыкты.


Өз кезегинде Толкунбек Абдыгулов 2017-жылы банктын кирешеси 2 млрд 300 млн, 2018-жылы 2 млрд 103 млн, ал эми 2019-жылы 2 млрд 565 млн сомду түзгөнүн билдирди.

 

Аалы Карашев экономикалык каатчылык маалында ар бир тыйын бюджет үчүн маанилүү экенин белгиледи. Муну менен катар улуттук валютанын туруктуулугун камсыздоодогу Улуттук банктын салымын баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн