Бугу 10, 2024
Убакыт: 06:11
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу кылмыштуулук 1,5 эсе өскөн

28.07.2021 16:29
649
Былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу кылмыштуулук 1,5 эсе өскөн

Кыргызстанда кылмыштардын олуттуу өсүшү катталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.


КР Башкы прокуратурасынын маалыматтары боюнча, 2021-жылдын январь-июнда республиканын аймагында 23,5 миң кылмыш катталган, алардын саны 2020-жылдын январь-июнуна салыштырганда 1,5 эсеге көбөйгөн, ошондой эле 12 миңге жакын жоруктар (дээрлик 30% көп) катталган. Ошол эле учурда, кылмыштардын басымдуу бөлүгү (алардын жалпы санынын 61%дан ашык) Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жасалган.


Кылмыштардын жалпы санында 2 миңден ашыгы же 11,6% оор жана өзгөчө оор кылмыштарга туура келген. Бул кылмыштардын негизги бөлүгүн жеке менчикке каршы кылмыштар түзгөн. 2020-жылдын январь-июнунда салыштырмалуу жалпы республика боюнча алардын саны 1,6 эсеге, анын ичинде алдамчылык – 2,1 эсеге, уурдоо – 1,5 эсеге, тоноо – 24,5%га өстү.


Өткөн жылдын январь-июнунда салыштырмалуу жалпы республика боюнча инсанга каршы кылмыштардын саны дээрлик үчтөн бириге көбөйдү. Муну менен бирге, өлтүрүүнүн саны - 26%га, зордуктоо жана зордуктоо максатында кол салуу учурларынын саны - 34%га, ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү – 6%га көбөйдү.


Үстүбүздөгү жылдын жарым жыл ичинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу 36%га, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же чыгымдоо учурлары - 2,2 эсеге жана паракорлук – 1,4 эсеге өстү.


Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштардын саны олуттуу (23%га) көбөйдү. Ушундай кылмыштардын эң чоң үлүшү (57%дан ашыгы) баңги заттарды сатып өткөрүү максатында сактоо менен байланышкан жана 40%га жакыны - баңги заттарды сатууну максат кылбастан сактоо менен байланышкан.


Кылмыштардын санынын эң көбү Ысык-Көл облусунда (2,4 эсеге), Ош шаарында (1,7 эсеге), Ош облусунда (1,5 эсеге) жана Бишкек шаарында (1,4 эсеге) өсүшү белгиленди.


Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыкта кылмыш жасаган 13 миңден ашык адам аныкталды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 15,6%га көп. Алардын жалпы санынын 17%га жакыны - аялдар, 5%га жакыны - жашы жете электер түздү, жана кылмыш жасаган адамдардын санынан 54%га жакыны эч жерде иштеген эмес же окуган эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн