Бугу 03, 2024
Убакыт: 05:09
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

“Бир Бол” фракциясынын депутаттары бир айлык маянасынан баш тартты (видео)

18.03.2020 17:08
861
“Бир Бол” фракциясынын депутаттары бир айлык маянасынан баш тартты (видео)


“Бир Бол” фракциясы коронавирус менен күрөшүүдө көмөк катары бир айлык маяналарын Саламаттыкты сактоо министрлигине которду. Бул тууралуу "Бир Бол" партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов видео кайрылуу жасап жатып билдирди.  


"Урматтуу мекендештер, “Бир Бол” фракциясы коронавирус менен күрөшүүдө алгачкы жардам катары бир айлык маянабызды Саламаттыкты сактоо министрлигине котордук. Мындан ары дагы жардамыбызды беребиз.
Учурда Кыргызстандын жарандары коронавирус жуктуруп алган учурлар катталгандыгына байланыштуу өлкө үчүн ар бирибиздин салымыбыз, жардамыбыз маанилүү болуп турат. Бардыгыбыз тазалык эрежелерин сактап, эл көп топтошкон жерлерден алыс болуп, улуттун саламаттыгына өз салымыбызды кошолу",
-деди эл өкүлү.  





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн