Бугу 10, 2024
Убакыт: 23:42
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

“Бир Бол” партиясынын курамы жаңыланды

29.07.2020 10:47
1398
“Бир Бол” партиясынын курамы жаңыланды


Бир Бол саясий партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов саясий кеңештин курамы жаңыланганын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.



“Коомчулуктун талабын аткаруу ар бир партия лидеринин милдети деп эсептейм. Коом бүгүн тазаланууну талап кылып турат. Биздин партиянын курамы жаңыланды. Катарыбыз демилгелүү жаштар жана жаратман команда менен толукталды. Алар эл арасынан суурулуп чыккан, өз ишин мыкты билген адистер деп ишенимдүү айта алам. Жаңы курамда экономика, медицина, билим берүү, айыл чарба, маданият жана башка тармактар боюнча эл аралык тажрыйбасы мол лидерлер бар. Мамлекетибиздин алдындагы жоопкерчиликтүү милдеттерди моюнга алуу менен, прогрессивдүү идеяларды иш жүзүнө ашырууга даярбыз”, - деди Алтынбек Сулайманов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн