Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 09:42
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бир Фура “Гепарин” дарысын алдын ала алып кетишкен

14.07.2020 12:07
1191
Бир Фура “Гепарин” дарысын алдын ала алып кетишкен

 

Тилекке каршы “Гепарин” дары-дармегине суроо-талап көп болуп жатат, деп билдирди ырчы, КРнын эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев КТРКга берген маегинде.


Анын айтымында, учурда маданий ишмерлер биригип, илдет менен күрөшүп жаткан бейтаптарга жардам колун сунуу өнөктүгү менен алектенип жатышат.


“Кечээ бир Фура “Гепарин” дарысын алдын ала эле алып кетишти. Арасында чыныгы муктаж болгондор да бар экен, соода-сатык үчүн дүңүнөн чоң көлөмдө алып кеткендер да болду. Мен ошолордон суранат элем, бизнес жагын көздөбөй турсаңыздар. Керектүү гана өлчөмдө алышып, калганын муктаждарга бөлүп берсек жакшы болмок. Бардыгын бир-эки киши гана алып кетип, баанын жогорулашы ошондон болуп жатат”, - деп билдирди Сыймык Бейшекеев.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн