Бугу 06, 2024
Убакыт: 16:39
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Бир айда чет өлкөлөрдө жүргөн 19 кыргызстандык каза болуп, сөөгү мекенине алып келинген

Бир айда чет өлкөлөрдө жүргөн 19 кыргызстандык каза болуп, сөөгү мекенине алып келинген


2023-жылдын декабрь айында чет өлкөлөрдө жүргөн 19 кыргызстандык каза болуп, сөөгү мекенине алып келинди. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги бир айлык отчетунда билдирди.


Бул сандар элчиликтер сөөктү жөнөтүүгө жардам берген учурларда эсептелинген. Ошондой эле оор абалда жаткан үч бейтапка Италиядан, АКШдан жана Түркиядан мекенине кайтууга көмөк көрсөтүлгөн.


Мындан сырткары, консулдук кызматкерлер Иран, Казакстан, Кытай жана Россияда 23 жарандын соттук отурумуна катышкан. Аны менен катар 64 кыргызстандык административдик, үчөө кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп, укук бузган сегизинин жазасы жеңилдетилгени белгиленди. Бул иштер дипломаттардын көмөгү менен жасалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн