Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 12:15
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бир айда мамлекеттик карыз 115,4 миллион долларга өскөн

23.01.2024 09:29
727
Бир айда мамлекеттик карыз 115,4 миллион долларга өскөн


2023-жылдын ноябрь айынын аягында Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы жана ички) 6 миллиард 115,99 миллион долларды (544 миллиард 550,43 миллион сом) түздү. Мындай маалыматты Финансы министрлиги берди.


Маалыматка ылайык, 4 миллиард 545,11 миллион доллар (404 миллиард 683,78 миллион сом) тышкы карыз, 1 миллиард 570,88 миллион доллар (139 миллиард 866,65 миллион сом) ички карыз.


Бир айда мамлекеттик карыз 115,4 миллион долларга өскөн. Тышкы 62,68 миллион долларга, ички 52,72 миллион долларга өскөн.


Тышкы карыздын жарымынан көбүн (52,8 пайызын) Кыргыз Республикасынын көп тараптуу кредиттери түзөт – 2 миллиард 400,41 миллион доллар. Эки тараптуу жеңилдетилген насыялардын алкагында өлкөнүн дагы 2 миллиард 82,89 миллион доллар карызы бар (тышкы карыздын 45,8 пайызы). Алардын ичинен республиканын тышкы карызынын 37,6 пайызын Кытайдын Экспорт-импорт банкына болгон карыз түзөт, ал ноябрь айында 1 миллиард 708,37 миллион долларды түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн